Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-майы № 10
Ак-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI чакырылышынын XV кезексиз сессиясы Карьерден алынган 1 машина топурактын баасын бекитип берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү топурак алынуучу карьерди мыйзамдаштыруу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай боюнча башкы адиси Жунусов Жолдошбекке жана жер жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси Жумабеков Турдубайга милдеттендирилсин.
2. Карьердеги топурактын баасы КАМАЗга 150 (Бир жүз элүү) сомдон, ЗИЛ, МАЗ автомашинасына 100(Бир жүз) сомдон, ХОБАга 300(Үч жүз) сомдон бекитилсин.
3. Жогорудагы бекитилген акча каражатын чогултуу үчүн карьерге атайын кароолчу дайындоо жана чогултулган акча каражатын айыл өкмөттүн банктагы тиешелүү счетуна төгүүнү камсыз кылуу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Кадыркулов Максатка тапшырылсын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык курулуш, турак-жай жана экология боюнча тармактык комиссиясынын курамы депутат Ибраев Эркинбекке, Төлөгөнов Бейшебайга милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А. Кабылов |