Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-майы № 11
Ак-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI чакырылышынын XV кезексиз сессиясы Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасындагы МАЗ автомашинасы менен топурак тартуу боюнча 1-рейстин баасын бекитип берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасындагы МАЗ автомашинасы менен топурак тартуунун 1 рейси 800 (Сегиз жүз) сомдон бекитилсин.
2. МАЗ автомашинасын атайын шоферго бекитип берүү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловго милдеттендирилсин..
3. МАЗ автомашинасы менен тартылган топурактын акча каражаты айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн банктагы тиешелүү счетуна төгүлсүн.
4. Ал эми шаферго келишимдин негизинде түшкөн акчанын 30%ти төлөнүп берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловго жана башкы бухгалтерге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча тармактык комиссиянын депутаттары Эсенканова Гүлзатка жана Шүкүрбеков Акматка тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А. Кабылов |