Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 17-октябры N 420 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөнжана Папан айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы аймактык талаш проблемасынизилдөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын18-августундагы N 377 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу ра-йонунун калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жер берүүжөнүндө" токтомунун Папан айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын аймагынкењейтүү үчүн 42,0 га сугат айдоосун берүү жөнүндө бөлүгүнүн колдонулу-шун токтотуунун ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо максатында: 1. Төмөнкүдөй курамдагы комиссия түзүлсүн: Жолдошев А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кый- мылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекет- тик агентствонун директору, комиссиянын төрага- сы; Бургеев Б.Б. - Кыргыз Республикасынын Ош облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, комиссия- нын төрагасынын орун басары. Комиссия мүчөлөрү: Абжалиев А.Т. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депу- таты (макулдашуу боюнча); Махаммадов А.Э. - Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик ад- министрация башчысынын биринчи орун басары; Кожоакматов Э.К. - Ош облустук юстиция башкармасынын начальниги; Карашев А.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кый- мылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекет- тик агентствонун Кыймылсыз мүлк жана жер ре- сурстары боюнча Ош облустук зоналык борборунун директору; Эрматов А.А. - Ош облусунун Кара-Суу райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча райондук башкармасынын начальниги; Төлөнбаев Ш. - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Муратов Ж.А. - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Толубаев А. - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү Учар айылынын тургуну (макулдашуу боюнча). Мияшов А. - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы (макулда- шуу боюнча). 2. Комиссия айыл өкмөттөрдүн ортосундагы аймактык талаштарга бай-ланышкан материалдарды кылдат изилдеп жана бул проблеманы жөнгө салуубоюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө оперативдүү тартипте сунуш кир-гизсин. 3. Комиссия аткаруу бийлигинин органдарынын адистерин, көз карандыэмес эксперттерди жана консультанттарды аныкталган тартипте ишке тарту-уга жана мамлекеттик органдардан керектүү маалыматтарды сурап алуугаукуктуу экени белгиленсин. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов