Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
2014-жылдын 30-майы № 17
Ак-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI чакырылышынын XVI кезексиз сессиясы айыл аймагына жаңы үй-бүлөөлүк дарыгерлер имаратын куруу боюнча айыл аймагынын ңайыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдык клубдун контурунан 262м2 жер аянтын үй-бүлөөлүк дарыгерлер имаратын куруу үчүн берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана үй-бүлөөлүк дарыгерлер имаратын салуудагы керектелүүчү иш кагаздарын бүткөрүп берүү айыл өкмөтүнүн жер турак жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Ж.Жунсовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткаралышын көзөмөлдөө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А. Кабылов |