Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-июлу № 18
Ак-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI чакырылышынын XVII кезексиз сессиясы Ак-Коктудагы таштанды төгүүчү карьерге жана топурак алынуучу карьерге кароолчу коюу боюнча маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Менчик автомашиналар менен төгүлгөн таштандынын 1 рейсинен алынуучу акча каражаты төмөндөгүдөй бекитилсин:
КАМАЗ-150 сом
Зил. Маз-100 сом
Жеңил машиналарга -20 сом
2. Ак-Коктудагы таштанды төгүүчү жайга жана топурак алынуучу карьерге коюлган кароолчунун эмгек акысы жогорудагы бекитилген ташатанды төгүүчү менчик автомашиналардан алынган акча каражатынын 50%ти чечилип берилсин
3. Кароолчуга будка салуу үчүн Ак-Коктудагы таштанды төгүүчү карьердин жанынан 12 кв метр жер аянтын бөлүп берүү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө ташырылсын.
4. Ак-Коктудагы топурак алынуучу карьерден топурак жүктөп иштеген экскваторлор үчүн карьерге 1-кирип чыккандыгы үчүн 300 сомдон акча каражаты алынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитетинин төрагасы Б.Мабеталиевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык Кеңештин төрагасы А.Кабылов өзүмө калтырам.
Ак-Жар айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А. Кабылов |