Редакцияот 27.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIХ кезексиз сессиясы

2014-жылдын 27-августу № 27

Ак-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI чакырылышынын XIX кезексиз сессиясы «Ас-Салам» эл аралык кайрымдуулук фондусу тарабынан каржыланып салынып жаткан ГСВнын имаратына чоң салымын кошкон Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Баатырбековго жана «Ас-Салам» кайрымдуулук фондун жетекчисине «Айылдын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө маселени угуп жана  талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Жар айылындагы «Ас-Салам» эл аралык кайрымдуулук фондусу тарабынан каржыланып салынып жаткан ГСВнын имаратына чоң салымын кошкон Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Баатырбековго «Айылдын ардактуу атуулу» наамы берилсин.

2. Ак-Жар айылындагы «Ас-Салам» эл аралык кайрымдуулук фондусу тарабынан каржыланып салынып жаткан ГСВнын имаратына чоң салымын кошкон «Ас-Салам» эл аралык кайрымдуулук фондунун директору  Миңбаев Нурмухамед Бакирдиновичке «Айылдын ардактуу атуулу» наамы берилсин.

3. Ак-Жар айылындагы «Ас-Салам» эл аралык кайрымдуулук фондусу тарабынан каржыланып салынып жаткан ГСВнын имаратына чоң салымын кошкон «Ас-Салам» эл аралык кайрымдуулук фондунун Араб өлкөсүнүн Кыргызстандагы өкүлү Набиль Хамад Аль Аоунго «Айылдын ардактуу атуулу» наамы берилсин.

4. Ак-жар айылындагы Ас-Салам эл аралык кайрымдуулук фондусунун каржылаган демөөрчүсү араб Анас Фахд Абдалла Аль Анназга «Айылдын ардактуу атуулу» наамы берилсин

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты социалдык маселелер боюнча тармактык комиссиясынын төрагасы Ж.Ногойбаевге тапшырылсын.

 

Ак-Жар айылдык кеңешинин тѳрагасы:

А. Кабылов