Редакцияот 27.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХ кезексиз сессиясы

2014-жылдын 27-августу № 29

Ак-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI чакырылышынын XХ кезексиз сессиясы Ак-Жар айыл аймагы боюнча ПРООНдун каржылоосу менен Ак-Жар айыл аймагы боюнча ишке ашырылып жаткан мал чарбасын жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Жар айылында ПРООНдун каржылоосу менен мал чарбасын жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча «Ак-Жар» өнүгүү жамааты уюштурулсун жана жетекчиси Темирбек кызы Нурия болуп дайындалсын

2. «Ак-Жар» өнүгүү жамаатын уюштуруу жана иш алып баруу жагы жамаатын жетекчиси Темирбек кызы Нурияга милдеттендирилсин.

3. Өнүгүү жамаатынын ишин көзөмөлдөө Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.

 

Ак-Жар айылдык кеңешинин тѳрагасы:

А. Кабылов