Загрузка документа…
КѲК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-августу № 6/1
Көк-Жар айыл аймагындагы салыктын ченемин
бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү административдик аймагына» жер салыгын жана мүлк салыгын 1,2,3 топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы №231 Мыйзамын аткаруу менен Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин коэффициентин бекитүү жөнүндө Көк-Жар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан Көк-Жар айыл өкмөтүнүн «Жергиликтүү административдик аймагына» төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин.
- Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, короо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын;
- Мүлк салыгын 1,2,3,4 топтогу объектилерин;
- Кз зоналык коэффициентин 1 өлчөмүндө бекитилсин;
2. Салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби көрсөтүлгөн салыктарга бекитилсин.
- Жер салыктарына жана мүлк салыктарынын 1,2,3 топтогу объектилерине КР Салык кодексинин талаптарына ылайык Кз зоналык коэффициентти эске алуу менен жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом мамлекеттик нормативдик-укуктук актыга киргизүүгө жана каттоого алууга Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. 2014-жылдын 1-январынан тартып токтом күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына жана көзөмөлгө алуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А. Кадыракунов |