Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-февралы № 2-2
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγнγн 2014-жылга карата бюджетин бекитγγ жѳнγндѳ
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин «Финансы бюджет, ишкердикти ѳнγктγрγγ» боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Н.Мусакановдун маалыматын жана чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айылдык депутаттар Кеңешинин XXVII- чакырылышынын кезектеги I I –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2014-жылдын жергиликтγγ бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлγмдѳрγ Республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирилген гранттан жана айылда топтолуучу салык булактарынын эсебинен тѳмѳндѳгγдѳй ѳлчѳмдѳ белгиленсин.
Киреше:
· Жергиликтγγ бюджетке алынуучу салык -1207,7м сом
· Теңдештирилген грант - 4586,7м сом
Баары: 5794,0 м сом
Чыгаша:
· Башкаруу аппаратына – 3559,7 м сом
· Билим берγγгѳ - 1549,0 м сом
· Маданият тармагына – 523,3 м сом
Баары: 5632,0 м сом
1. Баш-Кайыңды айыл ѳкмѳтγнγн кызматкерлеринин типтγγ штаттын бирдигине ылайык кызматкерлердин айлык акысы 14 айлык ченемде расчетторго ылайык тγзγлγп берилсин.
2. Аппаратты кармоого эмгек акыга 2901,3 м сом, соц.фондго 428,8м сом, командировкалык чыгым 37,0 м сом, электр энергияга 27,0 м сом, телефонго 10, 0м сом, иш кагаздар башка кызмат кѳрсѳтγγлѳргѳ 95,6 м сом, компьютерлердин ремонтуна 10,0 м сом, айыл ѳкмѳттγн кызматтык автомашинасы жок болгондуктан менчик №1354 номерлγγ автомашинасын кызматтык автоо унаа катары пайдаланып кγйγγчγ майга 50,0м сом акча каражаты бѳлγнсγн.
3. Маданият тармагына: Эмгек акыга 338,2 м сом, соц.фондго 58,3м сом, командировкалык чыгым 38,0 м сом. Электр энергияга 38,0м сом, китепканалардын ремонтуна 14,0 м сом, тазалыкты сактоо, маданий иш чараларды ѳткѳрγγгѳ, подшивка газетага жазылууга 53,3 м сом жана кабинеттерди жылытууга кѳмγргѳ 17,5 м сом, баардыгы 523,3м сом бѳлγнсγн.
4. Агартуу тармагына (мектеп, бала бакча) коммуналдык чыгымдар боюнча 1411, 0 м сом: Бала бакчалардын таза суусу γчγн 15,0м сом, Ч.Асеков жана А.Табылдиев орто мектептердин жылуулугу γнѳмгѳ кеткен электр энергиясына 1299,3м сом, «Келечек» жана «Аруузат» бала бакчасынын электр энергиясына 96,7м сом, ремонт жумуштарга А.Табылдиев орто мектебине 10,0м сом, бала бакчаларга 20,0м сом, бала бакчаларга медициналык жардам кѳрсѳтγγгѳ 3,0 м сом жана ар кандай кызмат кѳрсѳтγγлѳр γчγн 15,0м сом. Бала бакчалардын тамак ашына айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинен 20,0м сом бѳлγнсγн.
«Келечек» жана «Аруузат» балдар бакчасына ата-энелерден тγшкѳн 162,0м сом акча каражаты кириштелип, бул каражаттар балдардын ысык тамагына жумшалсын.
Жогорудагы акча каражаттарды сметага ылайык жана расчеттору менен чыгымдалсын.
Тѳрага: | Т. Жунусов |