Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 7-декабры, №595 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин жана Вице-премьер-министринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
2006-жылдын 7-мартындагы № 149 буйругуна ылайык) 1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, КыргызРеспубликасынын Биринчи вице-премьер-министринин жана Вице-премьер-министринин ортосунда милдеттер төмөнкүдөй бөлүштүрүлө тургандыгыбелгиленсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (Ф.Ш.Кулов) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракетине жалпы жетекчиликтижана контролдоону ишке ашырат; кадр маселелери боюнча чечимдерди кабылалат; укуктук камсыздоо, макроэкономика, бюджет, финансы, эл аралыкбайланыштар маселелерин координациялайт; укук коргоо органдарынын,коргонуу, жарандык коргонуу, коррупцияга каршы күрөшүү; бажы жанасалык инспекциялары; электр энергетика тармагын реформалоо, эпергияныүнөмдөө; тике инвестицияларды тартуу; кен казын алуу өнөр жайы;кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо; патентик иштер; мобилизациялык жанамамлекеттик резервдер; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасынделимитациялоо жана демаркациялоо; администрациялык реформа жүргүзүү,борбордук башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынчабашкарууну өнүктүрүү; маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнчамаселелерди жүргүзөт. Россия Федерациясы менен соода-экономикалык кызматташтык боюнчаөкмөттөр аралык комиссиянын ишине жетекчилик кылат жана аныкоординациялайт, Евразия экономикалык шериктештигинин алкагында КыргызРеспубликасынын кызматташтыгын камсыз кылат. Жаратылыш газын берүүбоюнча Казакстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы менен КыргызРеспубликасынын кызматташттыгын ишке ашырат. Жогорку Экономикалык кењешке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүналдындагы Агрардык саясат боюнча кењешке башчылык кылат. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри(М.Т.Керимкулов) Өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүшүн болжолдоо; өнөр жай,агрардык саясат жана агроөнөр жай комплекси; ишкердик, соода; шааркурулушу, курулуш, транспорт, байланыш жана коммуникациялар; экологияжана токой чарбасы, жаратыллыштык жана техногендик өзгөчөкырдаалдардын алдын алуу жана жоюу; мамлекеттик инвестицияларпрограммасын ишке ашыруу, бизнес тармагы катары туризмди өнүктүрүү;мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү; жањы технологияларды ишкекиргизүү; экспорттук-импорттук саясат; республикалык бюджетти иштепчыгуу, бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууну контролдоо; баалуу кагаздаррыногун өнүктүрүү; мамлекеттик статистика; монополияга каршы саясат;техникалык жөнгө салуу, мамлекеттик материалдык резервдер системасыбоюнча маселелерди координациялайт жана жүргүзөт. Россия Федерациясынын Москва шаары жана Москва облусу менен эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык маселелерин жүргүзөт. Өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри (А.К.Мадумаров) Социалдык, демографиялык жана миграциялык саясат, калкты иш мененкамсыздоо; мамлекеттик камсыздандыруу, социалдык гарантияларсистемасы; билим берүү, илим, саламаттык сактоо, маданият, спорт,калкты социалдык жана тиричилик жактан тейлөө, коммуналдык чарба,турак жай коммуналдык чарбаны реформалоо, күзгү-кышкы жылытуу сезонунадаярдык көрүү; мамлекеттик жаштар саясаты; эл аралык маданий, билимберүү жана гуманитардык кызматташтык; пенитенциардык системаныреформалоо; гуманитардык жардам берүү боюнча маселелеринкоординациялайт жана жүргүзөт, эл аралык фонддун алкагында Аралдысактоо боюнча кызматташтыкты камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жалпыга маалымдоо каражаттарыменен өз ара аракетин камсыздайт, маалыматтык саясатты ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн профсоюз жана диний уюмдар,коомдук кыймылдар, партиялар жана бирикмелер менен өз ара аракетинкамсыз кылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењеши менен учурдагы өз ара аракетин камсыздайт. Өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт. 2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Биринчи вице-премьер-министри, Вице-премьер-министри тейлөөчү жана координациялоочуминистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, мамлекеттик ишканалар менен акционердик коомдордунтизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин. 3. "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана КыргызРеспубликасынын вице-премьер-министрлеринин милдетин аткаруучулардынортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин 2005-жылдын 7-июнундагы № 218
буйругу күчүнжоготту деп табылсын. Премьер-министр Ф.Кулов