Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-сентябры № 5-6
Баш-Кайыңды айылынын административдик аймагында жер салыгын жана 1,2,3,4 тайпадагы мγлк салыгынын обьектилерин киргизγγ зоналдык коэфицентти кабыл алуу жѳнγндѳ
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизγγ жѳнγндѳгγ» №231 мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде Баш-Кайыңды айылынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» кѳрсѳтγлгѳн жергиликтγγ салыктарды сактап калуу жана жергиликтγγ бюджеттин киреше бѳлγгγн толтуруу максатында Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 1-январынан баштап Баш-Кайыңды айылынын административдик аймагында салыктын тѳмѳндѳгγ тγрлѳрγ киргизилсин.
-Айыл чарба жерлерин жана пайдаланган γчγн жер салыгы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдаланган γчγн жер салыгы, калк конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытына арналбаган жерлерди пайдаланган γчγн жер салыгы
-1,2,3,4 тайпадага мγлк обьектилерин мγлк салыгы
2. Кз-зоналдык коэфиценти 1,0 ѳлчѳмдѳ бекитилсин.
3. Салыктык эсептер Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин» негизинде жγргγзγлсγн.
4. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестринде жγргγзγγ γчγн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом 2015-жылдын 1-январынан баштап кγчγнѳ кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын башчысына милдеттендирилсин.
Жѳнѳтγлсγн: Нарын областык юстиция башкармалыгына Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына, мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгына, туруктуу комиссияларга, иш кагаздарына .
Тѳрага: | Т. Жунусов |