Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-январы № 2-3/01
Шаардын аймагында курулуш мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышынын абалы жѳнγндѳ
Баткен шаары боюнча Баткен шаардык Архитектура жана курулуш куруу башкармалыгы тарабынан 2013-жылдын 9 айы ичинде 384 курулушка анын ичинен турак жайга 360, мамлекеттик курулуштарга 3, муниципалдык курулуштарга 5, коммерциалык курулуштарга 16 курулушка уруксат берилген.
Ал эми Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан 2013-жыл ичинде Баткен шаарынын аймагынан уч обьект курууга уруксат болгон.
Алар, В.И.Ленин атындагы орто мектебинин спорт аянтчасынан конкурс аркылуу кичи футбол аянтчасын куруу, М.Дуйшоев кочосунон аукцион аркылуу 180 м2 жер аянты элге кызмат корсотуу максатында мончо куруу учун жана С.Сыдыков кочосуно автосервис куруу учун жер аянты туз сатуу жолу менен 5 жылдык моонот менен ижарага берилген.
Капиталдык курулуштарга уруксат беруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, тактап айтканда КР № 252 токтомунун негизинде берилип жана ошол курулушутун техникалык козомол жана экотехинспекциясы тарабынан козомолдонот.
Баткен шаарынын Архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан уруксат (архитектуралык заключение) берилген курулуштар проек боюнча салынып жаткан курулуштар СНИПке жооп берет.
Баткен шаарынын Архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан 2013-жылы 102 обьект мыйзамсыз (Уруксатсыз) Баткен шаарынын ичинде курулуп жаткан курулуштар бар экендигин аныктап, Сулукту шаары жана Баткен, Лейлек райондор аралык регионалдык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясына жана Баткен шаарынын мэриясына бир канча ирет кат турундо кайрылган. Мыйзамсыз курулуп жаткан шаар ичиндеги курулуштарга Сулукту шаары жана Баткен, Лейлек райондор аралык регионалдык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы тарабынан Баткен шаарынын аймагындагы №57 Лицейдин территориясына курулуп жаткан базар мыйзамсыз экендиги боюнча 10 000 сом айып, Чет Булак участкасындагы сел журуучу сайга мыйзамсыз куруп жаткан турак жайга 10 000 сом айып салынып оз эсебинен курулган имараттар буздурулган. Андан тышкары беш курулушка эскертуу бергендиги аныкталды. Ал эми Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаменти тарабынан бир да мыйзамсыз салынып жаткан же салынган курулуштарга айып же эскертме берилген эмес, тактап айтканда аталган ишкана бул маселе боюнча бир да алгылыктуу иш алып барган эмес.
Мындан тышкары Баткен шарынын мэриясынын № 03-25/76 сандуу 2013-жылдын 08 – июнундагы Баткен шаарынын борбордук кочолорун иретке келтируу жонундогу буйругу да алгылыктуу аткарылган эмес. Мисалы Борбордук кочолордун иретке келтируу учун шаар мэриясы борбордук базардын жана Акорго базарларынын айланасындагы жол боюндагы жашылча жемиш сатып жаткан соодагерлерди бир канча жолу жылдырганы менен кайра эле баякы корунуш орун алууда, же буйрук аткарылып жатканы менен жыйынтык жок.
Кыргыз Республикасынын Окмоту тарабынан 2009 жылдын 10 февралындагы №95 «Кыргыз Республикасында курулуш объекттерине, кыймылсыз мулк объектилеринин реконструкциясына жана башка озгортулушторуно мамлекеттик архитектуралык-курулуштук козомол жургузуунун тартиби жонундогу» токтому менен бекитилген жобого ылайык курулуштар торт категорияга болунуп, 1-2-3- категориядагы курулуш объектилери 90 баллдан жогору тобокелдик даражага кирет бул курулуш объектилердин мыйзамдуулугу Экотехинспекциясы тарабынан козомолдонот, ал эми 4-категориядагы курулуш объектилери архитектуралык – курулуш козомолуно кирбегендиктен ижарага убактылуу колдонууга, женилдетилген курулуштарды курууга берген ишкана шаар ичине Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаменти курулуштардын мыйзамдуулугун козомолго алыш керек. Мындай мыйзамсыз курулуштар Баткен шаарында коп кездешуудо. Мисалы убактылуу ижарага берилген объектилер ижара мооноту бутсо да ал жерлердеги объектилер ошо бойдон турат же кайрадан чонойтулуп салынып жатат козомолго алган эч ким жок. Мисалы Т.Садыков кочосундогу 4 кабаттуу уйдун туштук жагындагы курко, Ак - Орго базарынын дарбазасынын жанындагы курулуштар, Ходжаев кочосу менен Мусса кадыр кочосунун кесилишиндеги магазин жана авто унаа жучуу К.Турмаматов кочосу менен Баткен Жаны - Жер жолунун кесилишиндеги курулуп жаткан курулуштардын мыйзамдуулугун муниципалдык ишкана караган эмес. Мындай мыйзамсыз курулуп жаткан курулуштардын алдын алуу же болтурбоо козомолго алуу боюнча Баткен шаарынын мэриясы тарабынан комиссия тузулгон эмес, мыйзамсыз курулуп жаткан курулуштарды бузуу учун бир да буйрук берилген эмес жана ошондой эле бир жолу да шаардын коллегиясында каралган эмес. Эгерде шаар мэриясы ушундай иштерди жасап турса Баткен шаардын корку чыгып таза корктуу, иретуу шаарга айланмак деп ойлойбуз.
Мындан тышкары курулуп жаткан жана курулуп буткон курулуштардын кобунун астында таза суунун тутукчолору жана булганыч суулардын тутукчолору, жер астынан откон электр линиялары калып кетип, алрды тейлоо иштерин жургузуу мумкунчулук жок болуп жатат.
Жогоркулардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынындагы мыйзамсыз курулуп жаткан курулуштарды козомолго алуу жагы боюнча Баткен шаарынын мэриясынын жургузуп жаткан иштери талапка жооп бербей жаткандыгы белгиленсин.
2. Баткен шаарынын ичиндеги курулуп жаткан курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун карап чыгып мыйзамсыз курулуп жаткан женилдетилген курулуштарды 6 айдын ичинде жонго салуу жагы Баткен шаарынын мэриясына жана тийиштуу ишканаларга милдеттендирилсин.
3. Таза суунун тутукчолору жана булганыч суулардын тутукчолору, жер астынан откон электр линиялары, коммуникация жана бак дарактар бар жерлерге курулушка уруксат берген жерлерди тактап, мыйзам талабына келтируу жагы Баткен шаардык Архитектура жана курулуш куруу башкармалыгына жана Баткен шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
4. Баткен шаарынын ичиндеги мыйзамсыз курулуп жаткан курулуштарды болтурбоо, алдын алуу жана мыйзамсыз курулган курулуштарды буздуруу максатында Баткен шаарынын мэриясынын алдында атайын топ тузулуп (группа снос), иш аткаруу максатында зарыл болгон акча каражаттарды болуп туруу Баткен шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы Баткен шаардык Кеңешинин торагасынын орун басары Х.Айкыновго тапшырылсын.
Баткен шаардык кеңешинин тѳрагасы: | Э. Рахматов |