Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-июну № 2-3/21
Шаардык бюджеттин 1 кварталда
аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жѳнγндѳ
Баткен шаардык Кенешинин 2014-жыл учун бекитилген иш планына ылайык жана Баткен шаардык Кенешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 20-21-майдагы заседаниесинин протоколдорунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык бюджетинин 2014-жылдын I кварталы учун киреше болугу 12087,2 мин сомго, чыгаша болугу 8702,6 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Баткен шаарынын тунку жарыктарынын электр энергиясынын карызы учун Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2014-жылдын III кварталына каралган 2512 «Субсидиялар» беренесинен 275.0 мин сом кыскартылып, II кварталынын 2232 «Электрэнергия толому» беренеси кобойтулсун.
3. Шаардык билим беруу болумунун «электр энергиясы» учун болунгон акча каражатынан III кварталдагы толоо графиги 250.0 мин сомго кыкартылып II кварталга жылдырылып, 2218 «Тамак аш» беренесинин II кварталы 250.0 мин сомго кыскартылып III кварталга уруксат берилсин.
4. Баткен шаардык бюджетин I кварталдагы киреше болугун аткарууда Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаменти бекитилген планды аткарбагандыгы учун иши канаатандыраарлык эмес деп табылсын.
5. Баткен шаардык бюджеттинин 2015-2016-2017- жылдар учун киреше болугунун сунушталган долбооруна макулдук берилсин. (долбоор тиркелет)
6. Шаардык Кенештин 2014-жылга каралган II кварталынын «ар турдуу чыгымдар» 2222 статьясы 23.4мин сомго кыскартылы, «комондировкалык чыгымдар» 2211 статьясына кошулуп берилсин.
7. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2014-жылга каралган 2512 субсидия статьясы 3554,3 мин сомго кыскартылып, 3111 «имараттар жана курулуштар» статьясына кобойтулуп берилсин.
8. Баткен шаардык «Орукзар» коомдук саясий газатасынын редактору 1 квартал учун бюджеттин аткарылышына отчеттук иштерин канаатандыраарлык жургузбогондугу учун чара коруу жагы шаар мэриясына сунушталсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы шаардык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Г.Матказыев/ тапшырылсын.
Баткен шаардык кеңешинин тѳрагасы: | Э. Рахматов |