Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-июну № 2-3/20
Баткен шаарынын ветеринария
ишканасынын жγргγзγп жаткан
иштери жѳнγндѳ
Баткен шаардык ветеринария башкармаылыгы 2013-2014-жыл аралыгында шаар калкынын мал жандыгын ар кандай жугуштуу ооруларга каршы эмдоо иштери журугузулуп келе жатат. Баткен шаардык ветеринария башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Окмотунун айыл чарба жана мелиорация министринин буйругу менен 2010-жылы озунчо шаардык башкармалык болуп тузулгон. 2012-жылы июнь айында аталган башкармалык жоюлуп Баткен райондук ветеринарияга кайрадан шаардык болум болуп кошулган.
Шаар калкынын малдарынын ден соолугу жана элибиздин коопсуздугун сактоодо ветеринария тармагынын орду ото зор мааниге ээ. Башкармалык 4 сервистен турат. Кызыл-Жол, Келечек, Кызыл-Дон, Базар-Башы-Булак Башы. Сервис тийиштуу адистер менен толукталган. Шаардагы ветеринардык адистердин негизги иштери эрте жазда малдар жайлоого чыга баштаганда малдарды эмдешет.
Мал жандардын жугуштуу ооруларына каршы мамлекет тарабынан вакциналар акысыз камсыздалат. Ящурга каршы жылына 1 жолу жаш торпокторго 2 жолу вакцина жургузулот. Бирок быйылкы жылы ящурга каршы вакцинаны мамлекет каржылап Бере алган жок. Вакцина жетишсиз болгондуктан жойлоого кеткен малдар толук турдо эмделген жок. Бул оз учурунда кузго карап кооптуу абалды алып келууго шарт тузот.
Кычышкаакка (чесотка) каршы эмдоо боюнча шаарда жуутканна жок. Бар болсо да иштебейт. Себеби жутка Караганда ивермек уколун берсе деле болуп жатат. Бул бир жагынан Караганда экономикалык жактан ынгайлуу.
Шаар ветеринария болуму шаардын борбордук мал базарына кирген малдарды да козомолдойт. Негизинен клиникалык карап чыгууну жургузушот. Козомол жургузулгону менен ушул кунго чейин мал базардан бир жолу да мал артка кайтарылган же алып келген мал ээсине эскертуу берилип айып салынгандыгы практикалана элек.
Мындан сырткары ветеринария кызматына фитосанитария тармагын да кошкондуктан базарга кируучу жер жемиштердин химиялык, экологиялык жактан абалын козомолдоо милдети жуктолгон.
Шаар эллин коопсуз эт менен камсыздоо максатында жеке ишкерлер тарабынан мал сойюу цехи уюштурулган.
АРИС программасынын долбоорунун негизинде шаар ичине 1 заманбап вет аптека пункутун ачып беруу долбоору колдоого алуу зарыл.
Шаар калкын кутурмадан сактоо, анын алдын алуу жана жолбун иттерди атып жок кылуу менен коопсузугун сактоо учун шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаменти 2013-жыл ичинде жана 2014-ж 1-2-кварталында такай иш жургузуп келген. Кутурма оорусунун алдын алуу максатында муниципиалдык менчик департаменти тарабынан 2013-жылы 30 мин сом, жолбун иттерди атуу учун 77300 сом болунуп берилген. 2014-жылдын 1 кварталына жолбун иттердин кобойгондугуно байланыштуу 30000 сом болунуп берилген.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын ветеринария адистеринин шаар аймагында жургузуп жаткан иштерине жоопкерчиликтуу болуу жагы эскертилсин.
2. АРИС программасынын долбоорунун негизинде шаар аймагында ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген кызмат корсотүүчу заманбап ветеринардык аптека жана жасалма уруктандыруу пункутун курууга каралган акча каражатын максаттуу пайдаланууга макулдук берилсин.
3. Баткен шаардык ветеринардык башкармалыгын кайрадан ачууга комок корсотууну жогорку органдардан суроо жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы шаардык Кенештин муниципиалдык менчик, айыл чарба, агрардык, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Акматов/ тапшырылсын.
Баткен шаардык кеңешинин тѳрагасы: | Э. Рахматов |