Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-июну № 2-3/19
Социалдык жактан коргоо жѳнγндѳгγ
мыйзамдын талабына ылайык
шаардын аймагындагы социалдык
жардамга муктаж жарандарды
тейлѳѳнγн абалы жѳнγндѳ
Баткен шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын 2013-жылдын 18-декабрдагы №2-3/28 токтому менен шаар аймагында социалдык жактан адмдарды коргоо, шаардык социалдык жактан коргоо башкармасы тарабынан кадай КР Мыйзамдары менен аныкталган жардамдарды алып жаткандыгы жонундо маселе каралып талкууланып милдеттер койулган. Баткен шаардык социалдык онугуу башкармасынын аткаруу милдеттерине катар эле башкармалыкка тушкон койгойлор бар экендиги баса белгиленген. Баткен шаардык социалдык онугуу башкармалыгынын 6 штаттык бирдиги кыскартылган. Алардын ичинен 3 мамлекеттик, 2 социалдык кызматкер жана 1 техникалык кызматкер кыскартылган. Кыскартылгандан кийин башкармалыкта койгойлуу маселелер пайда болгон. Башкармалыкта бугунку кундо кепилдиктерди толоо секторунда 2 адис калган. Социалдык кепилдиктерди толоо секторунда бары болуп 4750 беттик эсептер (лицевой счет) бар. Ар бир адиске норма боюнча 1500 беттик эсептер болуусу керек болсо, штат бирдигинин кыскаруусунан кийин 2375 беттик эсептер туура келип нормадан ашып адистер ото кыйналып мумкунчулугу чектелуу адамдарга жетишуу практика жузундо кыйын болуп калган.
Баткен шаардык социалдык онугуу башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Окмотунун Токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Социалдык онугуу министрлигинин буйруктарынын жана Токтомдорун жана башка нормативдик укуктук актыларды, Баткен шаардык мэриянын буйруктарын жана токтомдорун негизинде иш алып барат. Баткен шаардык социалдык онугуу башкармалыгында 16 штаттык бирдиктен турат. Кызматкерлердин жетишсиздиги башкармалыктын толук кандуу иш алып баруусуна кедергисин тийгизген. Атап айтканда атуулдарды оздук маселелри менен кабыл алууда, кабыл алуу карточкасы башкармалыктын жетекчиси озу жургузууго аргасыз болгон. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жонундо» мыйзамын аткаруу бузулугандыктан Баткен райондук сотунун 2014-жылдын 26-майдагы №АП №134/14 Ба-1 токтому менен шаардык башкармалыктын башчысы Эрмамат у Алмазга 10 000 сом олчомундо айып толому толотулгон. (соттун токтому жана кивтанция тиркелет).
-Башкармалык мамлекеттик жолокпулдарды дайындоо жана толоо,
-социалдык пособиелерди дайындоо жана толоо,
-женилдик алуучуларды аныктоо жана дайындоо,
-мумкунчулугу чектелуу адамдарды изилдоо аныктоо,
-ардагерлерге кызмат корсотуу,
Баткен шаардык социалдык онугуу башкармалыгы кыскартылган штат бирдиктерин кайра ордуна койууга, административдик имаратка кызматтык автоунага муктаж.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык социалдык онугуу башкармалыгы шаар калкынын ден соолугунан мумкунчулугу чектелуулого, социалдык аз камсыз болгондорго кызмат корсотуудо КР номативдик актыларынын негизинде, мыйзамдын талабына ылайык иш жургузуп жаткандыгы белгиленсин.
2. Ден соолугунан мумкунчулугу чектелуулорго кызмат корсотуудо социалдык кызматкерлердин такай практикалык жардам корсотуулоруно байкоо жу ргузуу жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Баткен шаардык социалдык онугуу башкармалыгына 2 штат бирдигин болуп беруу жагы Кыргыз Республикасынын социалдык онугуу министрлигинен суралсын.
- жетектоочу адис
- социалдык кызматкер (штат бирдиги тиркелет)
4. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Баткен шаардык Кенешинин социалдык онугуу, жаштар, спорт, туризм, медицина маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергенов/ тапшырылсын.
Баткен шаардык кеңешинин тѳрагасы: | Э. Рахматов |