ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талды-Суу айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2014-жылдын 9-августу № 17/3
Артиллериялык машыгуу үчүн жер
бөлүп берүү жөнүндө
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жумаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн түштүк-батыш аймактык командачылыгынын 2014-жылдын 14-апрелиндеги №1003 каты жана Артиллериялык машыгуу талаанын чиймесине түшүндүрмө катынын негизинде, машыгуу мезгилинде Элге жана элдин малдарына коопсуздук жаратпай турган жерлерден,Бор-дөбө жайлоосунан убактылуу жалпы аянты 276 км (27638 га) жер бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Талды-Суу айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Б. Абдраманов |