ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талды-Суу айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2014-жылдын 9-августу № 17/2
Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу
мекеме ишканаларынын кезектеги ремонт
иштеринин абалы жөнүндө
Талды-Суу айылдык Кеңешинин депутатты Т.Бакмаматованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу маданият үйүнүн кезектеги ремонт иштерин ушул күнгө чейин бүтпөгөндүгү белгиленип 2014-жылдын 20-августуна чейин бүткөрүү жагы маданият үйүнүн директору А.Мамытовго жүктөлсүн.
2. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн, оорукананын имаратынын жана китепкананын кезектеги ремот иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Талды-Суу айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Б. Абдраманов |