Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-июлу № 16/1
Кыргыз Республикасынын Ош областына караштуу Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу Кытай Эл Республикасына өтүүчү жогорку басымдагы магистралдык газ өтүүчү түтүгүн алып өтүүүдө жер тилкелерин аныктоо боюнча комиссиянын төрагасы И.Жумаевдин билдирүүсүн угуп жана аталган комиссиянын 2014-жылдын 30-июлундагы №1 протоклунун негизинде
Талды-Суу айылдык Кеңеши IV чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош областына караштуу Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу Кытай Эл Республикасына өтүүчү жогорку басымдагы магистралдык газ өтүүчү түтүгүн ,Сары-Могол айыл өкмөтү менен чектешкен,
Кашка-Суу дарыясындагы көпүрөөнүн алды менен Кургак чатына, Кургак чатынан Кызыл-Суу дарыясы аркылуу Телкум жайлоосуна, Телкум жайлоосунан Тулпар башына,Тулпар башынан Кызыл-Суу дарыясы аркылуу Туура- Булак жайлоосуна, Туура-Булак жайлоосунан Сары-Таш айыл өкмөтүнүн аймагына өтүп кетет.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер минстри Т.Сарпашов өткөргөн
2014-жылдын 11-июлундагы жыйынынын №15-64 сандуу протоколунда көрсөтүлгөн комиссия мүчөлөрү жана Ош областынын Алай районунун бийлик өкүлдөрү,жумушчу комиссиясынын катышуусу менен бирдикте мурдагы “Транс-Кыргыз газ” “Пайплайн компания лимитед” жоопкерчилиги чектелген компаниясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы даярдаган маршруттук долбооруна, комиссиянын чечиминин негизинде толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген маршруттук чиймени талкуулап Талды-Суу айылдык кенеши кубаттайт.
2. Жалпы жер аянты -86,4 га жер,анын ичинен сулуу аянты-27,7 га,жайыт жер-49,3га, суу астындагы-5,8га,прочий-2,9 га,жол алдындагы -0,13 га жери убактылуу пайдаланууга берилсин.
3. Ушул токтомго ылайык иш жүргүзүү жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жумаевке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талды-Суу айылдык Кеңешинин экономика,инвестицияларды тартуу,жер жана агрардык реформа,өнөр жай,курулуш жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөл жүгүзсүн.
Талды-Суу айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Б. Абдраманов |