Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-майы № 15/4
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын
жайлоого көчүү, жайлоодон көчүп келүү
мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жумаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Талды-Суу жана Арча-Булак айылдарындагы арык каналдары тазаланып,жазгы сугат иштерине даяр экендиги белгиленсин.
2. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын жайлоого көчүү мөөнөтү 2014-жылдын 25-майдан 1-июнга чейин белгиленсин жана белгиленген мөөнөттө көчпөгөн атуулдарга 1000-3000 сомго чейин жазана төлөнсүн.
3. Жайлоодон көчүп келүү мөөнөтү 2014-жылдын 15-сентябрына чейин белгиленсин.
4. Малы эгинге түшкөн атуулдун ар бир бодо малына 200сомдон жазана төлөө жагы белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талды-Суу айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына жана Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жер адис Т.Кадыровго милдеттендирилсин.
Талды-Суу айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Б. Абдраманов |