Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-майы № 15/2
Алай райондук мамлекеттик
админстрациясынын 2014-жылдын
26-майындагы токтомунун негизинде
Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай райондук мамлекеттик админстрациясынын 2014-жылдын 26-майындагы токтомунун негизинде,Талды-Суу айыл өкмөтүнүн аймагынан өтүүчү “Кыргызстан-Кытай газ түтүктөрүнүн курулушуна долбоорлонгон жер аянттары бөлүп берилсин.
2. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн аймагынан өтүүчү “Кыргызстан-Кытай газ түтүктөрүнүн курулушуна долбоорлонгон жер аянттарын бөлүп берүү үчүн айыл өкмөт тарабынан төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн.
1. И.Жумаев- Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы.
2. Т.Кадыров-Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын мүчөсү.
3. Р.Орокбаева-Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы,комиссиянын мүчөсү.
4. Д.Кеңешов-Талды-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору,комиссиянын мүчөсү.
5. Т.Саматов-Талды-Суу айыл өкмөтүнүн айыл башчысы,комиссиянын мүчөсү.
6. Ж.Апиев-Талды-Суу айылдык Кеңешинин депутаты,комиссиянын мүчөсү.
7. Т.Бакмаматова Талды-Суу айылдык Кеңешинин депутаты,комиссиянын мүчөсү.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Талды-Суу айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Б. Абдраманов |