Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-майы № 15/1
“Архсервис” ЖЧКнун 2014-жылдын
15-майындагы №10 катынын негизинде
бетон куйуу үчүн шагыл карьерин
пайдаланууга жер бөлүп берүү
жөнүндө
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жумаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Архсервис”ЖЧКнун катынын негизинде бетон куйуу үчүн Талды-Суу айыл
өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу дарыясынын боюунан (мурдагы Чай-Нароуд” ишканасы пайдаланган карьеринин ордунанан) 0-5мм жуулган кум (отсев) жана бетон куйууга керектелүүчү 5-20 мм курамында 2-4 пайыз топурак болгон шебень даярдоо үчүн 4,0га жер убактылуу ижарага бөлүнүп берилсин.
2. Жер мыйзамдарына ылайык ижара түзүлүп, ижара акысы мыйзамдын негизинде өз мөөнөтүндө төлөө жагы жоопкерчилиги чектелген “Архсервис”коомуна тапшырылсын.
3. Карьерди пайдаланууда тийиштүү геологиялык жана экологиялык уруксат кагаздарын алуу жана райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн ,аларды каттоо убактылуу күбөлук алуу жагы жоопкерчилиги чектелген “Архсервис”коомуна милдеттендирилсин.
4. Келишим бүткөндөн кийин ижарага алынган жерди кайра калыбына келтирүү (рекультивация) жагы жоопкерчилиги чектелген “Архсервис”коомуна жүктөлсүн.
Талды-Суу айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Б. Абдраманов |