ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талды-Суу айылдык кеңештин IV чакырылыштын кезексиз XIV заседаниясы
2014-жылдын 14-марты № 14/6
Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Арча-Булак
айылындагы Кызыл-Суу суусуна көпүрө салуу
жөнүндө
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн Арча-Булак айылындагы элдик жыйындын негизинде Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Арча-Булак айылындагы Кызыл-Суу суусуна Көпүрө салуу каралсын.
2. Ушул токтомду мыйзамдаштыруу жагы Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн жана Алай райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга Милдеттендирилсин.
Талды-Суу айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Б. Абдраманов |