Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-марты № 14/4
Талды-Суу өкмөтүнө караштуу Талды-Суу айылынын
көчөлөрүнө жарыктандыруу жөнүндө
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы И. Жумаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Талды-Суу айылынын көчөлөрүнө 2,5 аралыкка жарыктандыруу коюлсун.
2. Жогорудагы жарыктандыруу жагы Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн жана Алай райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн суралсын.
3. Архитектуранын көрсөтмөсүнун негизинде туура жайгаштыруу, көрсөтүү мыйзам чегинде аткаруу жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси Т. Кадыровко жүктөлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Талды-Суу айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Б. Абдраманов |