Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-февралы № 13/1
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2013-жылга
бюджеттин аткарылышы жана 2014-жылга
бюджетти кабыл алуу, 2015-2016-жылдарга
бюджеттин болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө
Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 21134700 сом жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 13400662 сом өлчөмүндө аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн өздүк кирешесинин 2014-жылга 7484200сом өлчөмүндө бюджети бекитилсин.
3. 2013-жылдык киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтеринин аткарган иши жана бүгүнкү берген отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
4. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-январына карата калган калдык 8904171сом акча каражатын, 2014-жылдын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө киргизип бекитип берилсин. Айыл өкмөтүнө кызматтык авто унааны алуу үчүн, калган калдык акчадан 2014-жылдын сметасынын I кварталына киргизип бекитилип берилсин.
5. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы өздүк кирешесинен түшкөн акча каражатына айыл арасындагы ички жолдорду куруу жана көчөлөрдү жарыктандыруу, “Сары-Кыр суусу” таза сууга капиталдык ремонт кылуу үчүн жана түшкөн кирешеден айыл өкмөттун резерв фондуна 1% чегерилсин, Арча-Булак айылына 100 окуучуга ылайыкташкан мектеп куруу үчүн, 2014-жылдын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө киргизип бекитилип берилсин.
6. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-январына корголгон статьялардан карыздары жана ГСМ ден калган калдык карыздары, сметанын чыгаша бөлүгүнө кошумча бекитип, төлөнүп берилсин.
7. Каралган бюджеттин смета боюнча өз убагында аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн финансы бөлүмүнүн башчысы А. Эргешовко тапшырылсын.
Талды-Суу айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Б. Абдраманов |