ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХХХ сессиясы
2014-жылдын 31-октябры № 4
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы 2015-жыл учун
айыл чарба багытындагы эмес жерлерден
алынуучу жер салыгынын жана мулк
салыгы учун аймактык
коэффициентин бекитүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн киреше жана боюнча башкы адиси Х. Нийматиллаевдин айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлерден алынуучу жер салыгынын аймактык коэффициентин бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн талкуулап, Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн аймагында 2015-жылдын 1-январынан тартып мулк жана жер салыктары киргизилсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындаг 2015-жылдын 1-январынан тартып айыл чарба багытындагы эмес жерлерден алынуучу жер салыгынын жана мүлк салыгы учун аймактык коэффициенти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Дара айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды ташып чыгуу салыгы жеке жактарга 10-00 сомдон, юридикалык жактарга 100-00 сомдон бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Дара айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Н. Мусаев |