Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-апрели № 16/4
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Мантыш-Булак” ИСКАКБсынын негизги суу топтолуучу жайына “Жылуу Булак” булагын кошуу жөнүндө
Калкты таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында 11-апрель 2014-жылдагы жалпы элдик жыйындын токтомун талкууга алып Кара-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мантыш – Булак” ИСКАКБсынын негизги суу топтолуучу жайына“ Жылуу Булак” булагын кошууда өздук салым үчүн акча каражаты чогултулсун.
2. Чогултулган акча каражаттары элдинарасынан ишеним көрсөтүлгөн бир адамдын атынан банктан атайын жеке эсеп ачылып төгүлсүн.
3. “Мантыш – Булак” ИСКАКБсынын негизги суу топтолуучу жайына “Жылуу Булак” булагын кошууну уюштуруп долбоор жазып өткөрүү жагы“ Мантыш – Булак” ИСКАКБсынын эсепчиси Б. Садыковго жүктөлсүн.
4. Бул токтомду көзөмөлдүккө алуу жана турмушка ашыруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевге тапшырылсын.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | Т. Курткаев |