Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-июну № 17/1
Кара-Суу айыл аймагынын Ийри-Суу участкасындагы жайыт жерлерин
чабынды жер аянтына которуу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Садыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Мойнок айылындагы Ийри-Суу участогун №37 – контурундагы 151,7 га , № 56-контурундагы 42,0 га, № 51-контурундагы 37,5 га, № 47-контурундагы 79,2 га жер аянттарын жайыттан чабынды жер катары которуу жагы белгиленсин.
2. Кочкор райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы менен бирдикте иш жүргузуп . тактоо жагы айыл өкмоттүн жер адиси М. Садыковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевге тапшырылсын.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | Т. Курткаев |