Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-июлу № 18/1
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Мойнок айылындагы Каракол суусуна жаңы курулган көпүрөнү Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Мойнок айылындагы Каракол суусуна жаңы курулган көпүрөнү Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндөгү Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын №31-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Мойнок айылындагы Каракол суусуна Бүткүл Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен АРИС долбоору аркылуу курулуп бүткөн көпүрө Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Мойнок айылындагы Каракол суусуна жаңы салынган көпүрөнү, тиешелүү документтерин карап Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жагы айыл өкмөттүн башкы эсепчиси К. Темиралиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып аткартуу жагы айыл өкмөт башчысы Т. Жунушалиевге тапшырылсын.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | Т. Курткаев |