КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезекиз
XVIII сессиясы
2014-жылдын 9-июлу № 18/3
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Орток айылындагы жаңы салынган “Мойнок-Орток” жолун Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагына өткөрүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевдин, Орток айылын негизги чоң жол менен бириктирүүчү жаңы салынган “Мойнок-Орток” жолун Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагына өткөрүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Орток айылына жаңы салынган 2,5(эки жарым) километр “Мойнок-Орток” жолу Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагына өткөрүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевге тапшырылсын.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | Т. Курткаев |