Редакцияот 09.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин Vчакырылышынын кезексиз

ХXII – сессиясы

 

2014-жылдын 9-декабры № 22/4

Долбоордун аткарылышын текшерүү боюнча жумушчу тобун түзүү жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Дөбө орто мектебинин терезелерин алмаштырууда аткарылган иштердин сапатын текшерүү үчүн жумушчу топ түзүү максатында   Кара-Суу  айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу  айыл өкмөтүнүн  аймагындагы Кызыл-Дөбө орто мектебинин терезелерин алмаштырууда аткарылган иштердин  сапатын текшерүү үчүн төмөндөгүдөй  жумушчу топтун курамы түзүлсүн.

            1.Т. Курткаев                      Кара-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы

            2.  Э. Токтоналиев             Кара-Суу айылдык Кеңешинин депутаты

            3.  А. Искеналиев              Кара-Суу айылдык Кеңешинин депутаты

            4.  Б. Байгазиев                 Кызыл-Дөбө орто мектебинин директору

            5.  К. Ниязбеков                 Кызыл-Дөбө орто мектебинин мугалими

            6. Д. Сапарбеков               Кызыл-Дөбө орто мектебинин мугалими

            7. С. Табылдиев                Ак-Талааа айылынын тургуну.

2. Аткарылган аткарылган иштердин сапатын текшерүүдө 10 күндүн аралыгында жыйынтык чыгаруу жагы жумушчу топко милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин экономика, финансы, бюджет,салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы депутат Н. Шериповго жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин депутаты:

Т.И. Курткаев