Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-ноябры № 12/7
Ардактуу атуул наамын берүү жөнүндө
Баетов айылынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча комиссиянын сунушунун негизинде айылдын-экономикалык өсүшүнө кошкон зор салымдары жана үзүрлүү эмгектери үчүн төмөндөгү атуулдарга Баетов айылынын “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.
Саалиев Абдыкапар
Турдукулов Замирбек Эмилович
Беделов Эсенбек Жумадилович
Кадыкеева Гүлжамал Байдилдеевна
2. Баетов айылынын “Ардактуу атуулу” наамын алган атуулдарга күбөлүгүн жана төш белгисин даярдоого акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБнүн башчысы С.Каленовго жүктөлсүн.
3. Баетов айылынын “Ардактуу атуулу” наамын алган атуулдарга салтанатуу түрдө төш белгисин жана күбөлүгүн тапшыруу жагы белгиленсин.
Тѳрага: | Т. Рысбаев |