Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-февралы № 14/6
Баетов айыл аймагындагы
ички көчөлөргө ысым берүү боюнча
комиссиянын курамын түзүү жөнүндө
Баетов айыл аймагындагы ички көчөлөргө ысым берүү боюнча күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагындагы ички көчөлөргө ысым берүү боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн.
Комиссиянын төрагасы:
Т.Турусбеков-Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
Комиссиянын катчысы:
А.Молдалиева – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
Мүчөлөрү:
Т.Рысбаев – Баетов айылдык Кеңешинин төрагасы
К.Эсеналиев -айылдык Кеңештин депутаты
М.Мундузбаева-айылдык Кеңештин депутаты
А.Исаев – айылдык Кеңештин депутаты
Э.Беделов-айылдык Кеңештин депутаты
Г.Нураева-айыл өкмөтүнүн башкы адиси
З.Турдукулов-Баетов айыл аймагынын байкоочу кеңешинин төрагасы
Ж.Асылбеков –Ак-Талаа жаштары коомдук бирикмесинин төрагасы
Ч.Дөнөнбаева –Баетов айыл аймагынын аялдар кеңешинин төрайымы
2. Комиссиянын курамы Баетов айыл аймагындагы ички көчөлөргө ысым берүү боюнча жобо иштеп чыгышсын.
3. Баетов айыл аймагындагы ички көчөлөргө ысым берүү боюнча түзүлгөн жобону айылдык Кеңештин сессиясына бекиттиришсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы закондуулук жана укук тартиби боюнча тармактык комиссиянын төрагасы, комиссиянын мүчөсү Э.Беделовго тапшырылсын.
Тѳрага: | Т. Рысбаев |