Редакцияот 31.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 31-марты № 15/7

 

“Кара-Суу” балдар бакчасын

капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн

өздүк салымына жергиликтүү бюджеттен

акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

“Кара-Суу” балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн өздүк салымына жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XV- сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Баетов айыл өкмөтүнүн “Кара-Суу” балдар бакчасынын капиталдык ремонтунун өздүк салымына 165,1 миң сом акча каражаты  айыл өкмөтүнүн 2014-жыл үчүн бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө  бекитилип берилсин.

2. “Кара-Суу” балдар бакчасынын 165,1 миң сомдук жумуш күчү менен бүткөрүлүүчү өздүк салымын, уюштуруу жана жумуш күчүн камсыз кылуу жагы Баетов айыл өкмөтүнүн  башчысына тапшырылсын.

3. Баетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен балдар бакчасынын өздүк салымына берилүүчү акча каражатын учурунда камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын

 

Тѳрага:

Т. Рысбаев