Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 4-январындагы № 3
буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине караштуу Агрардык саясат боюнча коомдук кењеш жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы жоболор 1.1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине караштуу Агрардыксаясат боюнча коомдук кењеш (мындан ары - Агрардык кењеш) кењеш берүүчүорган болуп эсептелет, өлкөнүн агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн не-гизги артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштарды даярдоо жана кароо үчүнКыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан түзүлөт. 1.2. Агрардык кењеш өзүнүн ишмердигинде Кыргыз РеспубликасынынКонституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республика-сынын Президетинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын жана башка нормативдик актылар-ды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. 2. Агрардык кењештин максаттары жана милдеттери 2.1. Агрардык кењештин максаттары Кыргыз Республикасынын агрардыксаясатын андан ары өркүндөтүү, кооперативдик кыймылды ишке киргизүү жа-на агроөнөржай комплексин өнүктүрүү болуп эсептелет. 2.2. Аталган максаттарга жетишүү үчүн Агрардык кењешке төмөнкүдөймилдеттер жүктөлөт: а) Кыргыз Республикасынын агрардык саясатынын стратегиялык багыт-тары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; б) төмөнкүлөр боюнча сунуштарды даярдоо: - агроөнөржай комплекси жагында мамлекеттик агрардык саясатты ишкеашыруу жана укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү; - агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, жылдыкпрограммаларын жана узак мөөнөттүү божомолдоону иштеп чыгуу; - агроөнөржай комплексин туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоого багыт-талган финансылык жана салык саясатын өркүндөтүү; - айыл чарба сырьесунун экспортун жана импортун жөнгө салууну жанаайыл чарба продукциясы менен азык-түлүктү сатууну кошкондо айылдык то-вар өндүрүүчүлөрдү коргоо боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу; - агроөнөржай комплекси жагында илимий-техникалык саясаттыөнүктүрүүнүн негизги багыттары; - агроөнөржай комплексинде тышкы экономикалык байланыштыөнүктүрүү; в) кароо: - агроөнөржай комплексинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун,мамлекеттик программаларды жана башка документтерди; - Кыргыз Республикасынын региондорунда, өзгөчө алыскы жана бийиктоолуу райондорунда агрардык секторду өнүктүрүүгө байланыштуу маселе-лерди; - агрардык илимдерди интеграциялоону ишке ашырууга, жогорку жанаорто айыл чарбалык билим берүүгө байланыштуу маселелерди; г) төмөнкүлөр боюнча сунуштарды иштеп чыгуу: - жер, мүлктүк мамилени өркүндөтүү жана айыл жеринде кооператив-дерди түзүү; - жогорку жана орто квалификациялуу адистерди даярдоонун сапатынжакшыртуу, агроөнөржай секторунда бардык дењгелдеги кадрлардын билиминкайра даярдоо жолу менен жогорулатуу; д) агроөнөржай комплекси жагында ишкер субъектилердин өз ара ара-кеттенүүсүн жана алардын аткаруучу бийлик жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары менен биргелешүүсүн камсыздоо. 3. Агрардык кењештин укуктары 3.1. Агрардык кењеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектериндетөмөнкүлөргө укуктуу: - Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарынан, жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана чарбакер субъектилерденменчигинин түрүнө карабастан Агрардык кењештин компетенциясына киргенмаселелер боюнча маалыматтарды сурап алууга; - өзүнүн заседаниелеринде Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийликоргандарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондойэле Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөржайминистрлигинин уюмдарынын, мекемелеринин жана ишканаларынын өкүлдөрүнүнагроөнөржай комплексин өнүктүрүү маселелери боюнча маалыматтарын угуу-га; - агроөнөржай комплексинин маселелери жана айыл чарбасын өнүктүрүүбоюнча документтердин долбоорлорун даярдоого жооптуу ведомстволор ара-лык, жумушчу, эксперттик топтордун өкүлдөрүнүн отчетторун угууга; - Агрардык кењештин ишине аткаруучу бийлик органдарынын жетекчиле-рин, илимий жана билим берүү мекемелеринин, коомдук бирикмелердин,өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүн тартууга; - Агрардык кењештин кароосуна киргизилүүчү материалдарды өз учу-рунда жана сапаттуу даярдоо үчүн министрликтердин жана ведомстволордунадистеринен жумушчу топ түзүүгө; - андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралышы үчүнагроөнөржай комплекси жана айыл чарбасын өнүктүрүү маселелери боюнчасунуштарды иштеп чыгууга. 4. Агрардык кењештин курамы жана иш тартиби 4.1. Агрардык кењештин курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-нистри тарабынан бекитилет. 4.2. Агрардык кењештин ишин Агрардык кењештин төрагасы - КыргызРеспубликасынын Премьер-министри, ал жок болгон учурда Агрардык кењеш-тин төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарбажана кайра иштетүүчү өнөржай министри жетектейт. 4.3. Агрардык кењеш өз ишмердигин иш планга ылайык ишке ашырат. 4.4. Агрардык кењештин негизги уюштуруучулук иш формасы заседаниеболуп эсептелет. 4.5. Агрардык кењештин заседаниеси зарылчылыгына карата өткөрүлөтжана эгер Агрардык кењештин мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса укуктууболуп эсептелет. 4.6. Агрардык кењештин мүчөлөрү: - заседаниеге ордуна башка адам жибербестен өзү катышат; - Агрардык кењештин компетенциясына кирген маселелер боюнча Аграр-дык кењештин кароосуна сунуштарды жана рекомендацияларды киргизүүгөукуктуу; - өзүнүн ишмердигин коомдук негизде жүргүзөт. 4.7. Агрардык кењештин чечимдери заседаниеде катышкан Агрардыккењештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кењештинмүчөлөрүнүн добушу барабар болуп калган учурда Төрага добуш берген че-чим кабыл алынат. 4.8. Кабыл алынган чечимдер Агрардык кењештин заседаниесинин про-токолдору түрүндө таризделет. Заседаниенин протоколдору жана Агрардыккењештин ишмердиги тууралуу башка маалыматтар мүчөлөрүнө жана башка кы-зыкдар адамдарга кењештин заседаниеси өткөрүлгөн күндөн тартып бешкүндүк мөөнөттө билдирилет. Агрардык кењештин чечимдери сунуштоочу мүнөзгө ээ. 4.9. Агрардык кењештин ишмердигин уюштуруучулук-техникалык жанамаалыматтык камсыздоону Агрардык кењештин секретариаты жүргүзөт. 5. Агрардык кењештин заседаниесин даярдоо тартиби 5.1. Агрардык кењештин кароосуна киргизилүүчү материалдардын даяр-далышына жооптуу болуп Агрардык кењештин секретариаты жана маселениндемилгечиси саналат. 5.2. Каралуучу маселенин демилгечиси негизги докладды даярдайт жа-на бул маселе боюнча кошумча докладчылардын тизмесин, чыгыпсүйлөөчүлөрдүн тизмесин, Агрардык кењештин заседаниесине кошумча чакы-рылгандардын тизмесин жана чечимдин долбоорун берет. 5.3. Материалдар Агрардык кењештин секретариатына заседаниеөткөрүлгөнгө чейин жети күн мурун берилет.