Редакцияот 31.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

2014-жылдын 31-октябры № 18/1

Жергиликтүү бюджетке 10 айдын жыйынтыгы менен ашык түшкөн салык жана салык эмес жыйымдарын бюджеттин киреше бөлүгүнүн сметасына бекитүү жөнүндө

Баетов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетке 10 айдын жыйынтыгы менен ашык түшкөн акча каражатын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезексиз XVIIIсессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Баетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 10 айдын жыйынтыгы менен төмөндөгү ашык түшкөн салык жана салык эмес жыйымдардын түрлөрү кошумча  киреше бөлүгүнүн сметасына бекитилип берилсин.

 

салыктардан 316,0 миң сом мунун ичинен:

         -ыктыярдуу түрдө алынуучу патенттен 30,0 миң сом,

         -транспорт салыгынан 68,4 миң сом,

         -огород, короо-жай салыгынан 12,0 миң сом,

         -токой ресурстарын пайдалануу үчүн төлөм 25,0 миң сом,

         - калктуу пункттардагы жердин арендасынан алынуучу төлөм 105,6 миң сом,

         -таштанды чыгаруу жыйымы 75,0 миң сом, 

         -киреше салыгынан    

атайын каражат бөлүгүнөн 500,0 миң сом, мунун ичинен

         -ата-энелерден алынуучу төлөм 400,0 миң сом,

         -ар кандай төлөмдөр 100,0 миң сом

          жалпы 816,0 миң сом

2. Баетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 10 айдын жыйынтыгы менен ашык түшкөн  кирешенини бекитилген сметасы райондук финансы бөлүмүнө сунушталсын .

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

 

Тѳрага:

Т. Рысбаев