Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-февралы № 45
“Жер салыгынын базалык ставкасын, АЧМФ нун жерлери жана а/өкмөтүнүн жерлеринин ижара акысынын ставкасынын минималдык көлөмүн, зоналдык коэффициентин,таштандыларды чыгаруу жана ыңгайлуу шарттар менен камсыз кылуу төлөмдөрүнүн ставкасын бекитүү жөнүндө”
КРнын “Салык Кодексинин “ 337, 339 жана 12-беренесинин негизинде Биринчи Май айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. КРнын “Салык Кодексинин “ 337 – беренесине ылайык айыл чарбасына дайындалган жерлердин базалык ставкасын бекитилсин :
- сугат айдоо аянты - 1 га 392,0 сом
- кайрак айдоо аянты - 1 га 67,2 сом
- көп жылдык отургузуулар – 1 га 215,0 сом
- жайыттар - 1 га 7,8 сом
2. АЧМФ нун жерлеринин жана айыл өкмөтүнүн жерлеринин (баштапкы) минималдык ижаралык акысы бекитилсин :
- сугат айдоо аянты - 1 га 800,0 сом
- кайрак айдоо аянты - 1 га 300,0 сом
- көлмөлөр - 1 га 400,0 сом
3.Айыл чарбасына дайындалбаган жерлерге зоналдык коэффициент КЗ 1,2 көлөмүндө бекитилсин.
4. Короо-жайлардагы жерлер үчүн зоналдык коэффициент 1,0 көлөмүндө бекитилсин .
5. Таштандыларды чыгарууга иштегендердин биринен 50 сом көлөмүндө ставка бекитилсин .
6. Ыңгайлуулуктар менен камсыз кылуу төлөмүнүн ставкасы бир үйдөн 20 сом өлчөмүндө бекитилсин .
7. Бир башка жайыт билетинин баасынын өлчөмүн коюу суммада:
ИММ, жылкылар -70 сом.
ИММ , торпок – 50 сом.
МММ - 20 сом.
8. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кирешелер боюнча иш алып барган адистер Г.В.Гапоненкого тапшырылсын.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | Б.А. Саралаев |