Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-февралы № 9/3
А.Мирмахмудов айылдык округунун кайра бөлүштүрүү фонд жерлеринен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-111 токтому менен бекитилген, кайра бөлүштүрүү жерлеринин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү жобосуна, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-берене 4-бөлүмүнүн жетекчиликке алып айылдык округунун аймагындагы кайра бөлүшүтүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү тартибин аныктоо жөнүндө
Мирмахмудов атындагы айылдык округунда 2014-жылдын 1-январына карата бардыгы болуп 424 га кайра бөлүштүрүү фонд жерлери бар. Анын ичинен суулуу 123 га кайрак 217га, бак 5 га, чөп чабынды 79 га. Ошол фонд жерлер айыл округунун Кара-кой, Чапаев , Киров айылынын Уч-жыгач,Акшувак участкаларында, Арал айылынын Арал, Кара-кокту участкаларында жана Капчыгай айылында жайгашкан. Ошол кайра бөлүштүрүү фонд жерлеринен туура пайдалануу, жерлердин мелиоративдик абалын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйыны бекиткен кайра бөлүштүрүү фонду жерлерин ижарага берүү тартиби жөнүндөгү 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-111 жобосуна ылайык аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берүү максатында Мирмахмудов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мирмахмудов айылдык округуна караштуу кайра бөлүштүрүү фонд жерлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынында бекитилген кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-111 талабына ылайык ижарага берилсин.
2. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берүү боюнча комиссиянын составы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл округунун кайра бөлүштүрүү фонд жерлерин 1-га жердин баштапкы баасы айылдар жана участкалар боюнча соц.фонд взносторун, жер салыгын жана суу акысын кошуп эсептегенде төмөнкүчө бекитилсин:
- Кара-кой айылы 2000-4000 сом
- Чапаев айылы 3000-7000
- Киров айылы Уч-жыгач участкасы 4500 сом
- Киров айылынын Ак-шувак участкасы 3500 сом
- Арал айылы 1000-3500 сом
- Арал айылынын Кара-кокту участкасы 1000-3000 сом
- Кайрак жерлер 250-300 сом
4. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берүү жана бардык ижарачылар менен келишимдерди түзүү, айыл округунун фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү комиссиясына жүктөтүлсүн.
5. Ушул токтомду бекитип берүүнү Депутаттардын Ноокат райондук кеңешинин суралсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү түрүктүү комиссиясынын мүчөлөрүнө тапшырылсын.
Мирмахмудов айылдык аймагынын кеңешинин тѳрагасы: | Н. Халбуваев |
Бекитемин:
_____________________Н.Халбуваев
Мирмахмудов айылдык округунун кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги
9 сессиясынын № 9/3 токтомуна тиркеме
1. Кадиров Акбар – депутаттардын жер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү- комиссиянын төрагасы
2. Батыралиев Мухтор –депутат, комиссиянын мүчөсү
3. Сайтбаев Юсуп – жер адиси , комиссиянын мүчөсү
4. Ажимаматов Акылбек – Ноокат раойндук мамлекеттик кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, комиссиянын мүчөсү (макулдугу менен)
5. Исаков Маматкосим –Чапаев айылынын айыл башчысы –комиссиянын мүчөсү
6. Орозбаев Немат – Киров айылынын айыл башчысы, Комиссиянын мүчөсү
7. Пакирдинов Зайлобидин – комиссиянын мүчөсү
Мирмахмудов айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
Н.Халбуваев |