Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-февралы № 9/5
Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги алдындагы Үлүштүк ( түрткү берүүчү) грнтына сунушталып жаткан долборлорго жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
«А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылыгдагы А.Мирмахмудов атындагы толук эмес орто мектбин чатырын алмаштыруу, тосмосун куруу жана 6 көздүү ажаткана куруу» долбору боюнча Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги алдындагы Үлүштүк (түрткү берүүчү) грантына даярдаган долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу үчүн акча каражаттарын бөлүп берүү максатында А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин депутаттардын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги алдындагы Үлүштүк (түрткү берүүчү) грантына даярдаган «А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылыгдагы А.Мирмахмудов атындагы толук эмес орто мектбин чатырын алмаштыруу, тосмосун куруу жана 6 көздүү ажаткана куруу» долбору үчүн раздел 709 статья 3111 жергиликтүү бюджеттин эсебинен 249,8 ( эки жүз кырк тогуз миң сегиз жүз) сом акча каражаттары бөлүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ш.Гаффаровго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын.
А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын кеңешинин тѳрагасы: | Н. Халбуваев |