Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-февралы № 3/1
Мирмахмудов айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин 2012-жылга аткарылышы
Мирмахмудов айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин 2013-жылга бекитүү жана 2014-2015-жылга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө
Мирмахмудов айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин 2012-жылга аткарылышы А.Мирмахмудов айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин 2013-жылга бекитүү жана 2014-2015-жылга болжолдуу пландарын көрүп иштеп чыгып, айылдык Кеңештин экономика,бюджет, соода, ишкердуулук жана социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар, саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиянын заседаниесинде көрүлдү тийиштүү мекеме уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен жана жазуу түрүндөгү билдирүүлөрү каралып такталгандыгын, туруктуу комиссия тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик адмиңистрациясы жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктун 2-болугунун эске алуу менен депутаттардын Мирмахмудов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013 жылга Мирмахмудов айылдык Кеңешинин бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча 46880,9 миң сом эсебине бекитилсин.
2. 2013- жылга Мирмахмудов айылдык Кеңешинин бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мирмахмудов айылдык Кеңешинин бюджетинин чыгаша боюнча багыттар №2 тиркемеге ылайык аныкталсын.
4. Мирмахмудов айылдык Кеңешинин бюджетинин чыгаша болугун 2013-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте негизги статьяларга (эмгек акы, соц.фондго чегерүү, тамак аш жана социалдык жеңилдиктерге) каржылануу белгиленсин.
5. Мирмахмудов айылдык Кеңешин 2012-жылдагы бюджетинин кирешелер бөлүгү 47876,1 миң сомго, чыгаша бөлүгү 49086,9 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
6. Мирмахмудов айылдык Кеңешинин бюджетине Республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу гранттардын өлчөмдөрү 2013-жылга билим берүү тармагына каржылоого жумшалсын.
7. Бекитилген Мирмахмудов айылдык окргунун бюджетин ар бир тыйыны каржылануусу жөнүндө аймакты социалдык-экономика жактан өнүктүрүүнү айылдык кеңештин макулдугу жана ар ай сайын каржылануу жөнүндө маалыматы билдирүүсү эскертип кетилсин.
8. Ушул токтомдун мыйзам негизинде аткарылышын Мирмахмудов айылдык округдун башчысы Т.Абдулхакимов жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровторго тапшырылсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы жана А.Мирмахмудов атындагы айылдык округунун кеңешинин депутаттардын бюджет, экономика айыл суу чарба, жерге жайгаштыруу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын кеңешинин тѳрагасы: | Н. Халбуваев |