Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-февралы № 3/5
Мирмахмудов айылдык округунун аймагында 2013-жыл үчүн жер салыгын жана мүлк салыгын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизү жөнүндөгү мыйзамын 3-беренесин талаптарына ылайык Мирмахмудов айылдык округунун аймагында 2013-жыл үчүн жер салыгын жана мүлк салыгын I-группага - 0,8 коифициент .II-группага -1,2 коифициент, III-группага– 1,2 коифициент коюлушу тууралу салык инспекорун билдирүүсүн угуп депутаттардын Мирмахмудов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мирмахмудов айылдык округунун аймагында 2013-жыл үчүн жер салыгын жана мүлк салыгын I-группага - 0,8 коифициент .II-группага -1,2 коифициент, III-группага– 1,2 коифициенттен белгиленсин.
2. Айылдык округдун жардамга муктаж болгон 1862 кожолукка тамарка салыгы жана 1807 кожолукка таштанды салыгына жеңилдик үчүн, салыктан бошотулсун.
3. Белгиленген коифициент Мирмахмудов айылдык округунун салык кызматчылары аркылуу учет жүргүзүү милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом мыйзам негизинде аткарылсын.Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айылдык округунун салык кызматчыларына жүктөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын.
А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын кеңешинин тѳрагасы: | Н. Халбуваев |