Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-майы № 4/4
Мирмахмудов айылдык округу, Барын айылынын «Позил Косимов», «Чашма», «Алмазар», «Камбар ата», «Алижан» жана «Уста Рахмонберди» дыйкан чарба мүчөлөрүнүн Таш-коргон автосервисиндеги үлүшкө бөлүнгөн жерин Мирмахмудов айылдык округунун муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу» жана «Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы» жөнүндөгү мыйзамынын 31 – беренесинин 5- пунктунда белгиленген аймактарды социалдык – экономикалык, маданий жактан өнүктүрүү жана жаштарды дене тарбиясын, билимин өнүктүрүүчү инфраструктураларды өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу жөнүндөгү ушул берененин 3- пунктуна ылайык жана Барын айылынын «Позил Косимов», «Чашма», «Алмазар», «Камбар ота», «Алижан» жана «Уста Рахмонберди» дыйкан чарба мүчөлөрүнүн 2013 – жылдын 10 июлундагы жалпы чогулушунун чечимин бекитип берүү максатында айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын отурумуна негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барын айылынын «Позил Косимов», «Чашма», «Алмазар», «Камбар ота», «Алижан» жана «Уста Рахмонберди» дыйкан чарба мүчөлөрүнүн 2013 – жылдын 10 июлундагы жалпы чогулушунун чечими бекитилсин;
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу» жана «Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы» жөнүндөгү мыйзамынын 31 – беренесинин 5- пунктунда белгиленген аймактарды социалдык – экономикалык, маданий жактан өнүктүрүү жана жаштарды дене тарбиясын, билимин өнүктүрүүчү инфраструктураларды өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу жөнүндөгү ушул берененин 3- пунктуна ылайык жана Барын айылынын «Позил Косимов», «Чашма», «Алмазар», «Камбар ота», «Алижан» жана «Уста Рахмонберди» дыйкан чарба мүчөлөрүнүн үлүшүнө бөлүнгөн 0,35 га жер Мирмахмудов айылдык округунун муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин;
3. Өткөрүп берилген жерди курулушун көзөмөлдөп алып баруу жана аткарылышы айылдык округунун жер адиси Ю. Саитбаевке жана тийешелүү туруктуу комиссиянп тапшырылсын;
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Мирмахмудов айыл өкмөту, Барын айылынын айыл башчысы А. Досмаматовко тапшырылсын;
5. Ажыратып берилген жер участогунун чиймелерин чийип, бардык документтерин даярдап берүү жагы жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармасына жана архитектура бөлүмүнөн суралсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын кеңешинин тѳрагасы: | Н. Халбуваев |