Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-майы № 4/5
А.Мирмахмудов айылдык округу Какыр Сай участкасындагы элдин балансында турган «Жаш муун биримдиги» балдар бакчасы жана ФАП А.Мирмахмудов айылдык округунун муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу» жана «Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы» жөнүндөгү мыйзамынын 31 – беренесинин 5- пунктунда белгиленген аймактарды социалдык – экономикалык, маданий жактан өнүктүрүү жана жаштарды дене тарбиясын, билимин өнүктүрүүчү инфраструктураларды өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу жөнүндөгү ушул берененин 3- пунктуна ылайык жана Барын айылынын Какыр сай участкасынын тургундарынын 2013-жылдын 26-февралындагы жалпы чогулушунун чечимин бекитип берүү максатында айылдык кеңешинин депутаттардын туруктуу комиссиясынын отурумуна негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барын айылынын Какыр сай участкасынын тургундарынын 2013-жылдын 26-февралындагы жалпы чогулушунун чечимин бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31 – беренесинин 5- пунктунда белгиленген аймактарды социалдык – экономикалык, маданий жактан өнүктүрүү жана жаштарды дене тарбиясын, билимин өнүктүрүүчү инфраструктураларды өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу жөнүндөгү ушул берененин 3- пунктуна ылайык Барын айылынын Какыр сай участкасынын тургундарынын үлүшүндө болгон «Жаш Муун биримдиги» балдар бакчасы жана ФАП ,Барын айылынын Какыр сай участкасынын тургундарынын өз каалосу менен «Жаш Муун биримдиги» балдар бакчасы А.Мирмахмудов айылдык округунун муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.
3. Өткөрүп берилген балдар бакчасынын имаратын жүргүзүлүп жаткан иш кагаздарын көзөмөлдөө жана аткарылышын айылдык округдун жер адиси Ю.Сайтбаев жана айылдык округдун кызматчысы Х.Дадабаевдерге тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Мирмахмудов айылдык округунун Барын жана Киров айылынын айыл башчылары А.Досмаматов жана Н.Орозбаевдарга тапшырылсын
5. Ушул токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын кеңешинин тѳрагасы: | Н. Халбуваев |