Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-февралы № 3
Жазы айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы
бюджеттин аткарылышы жана 2014-жылга
айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү
жөнүндөгү маселе бюджет, экономика,
муниципалдык менчик боюнча туруктуу
комиссиясынын 25.01.2014-жылдагы
сунуштарынын негизинде
Жазы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджеттин киреше бөлүгү 28285,6 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 27732,9 миң сомго аткарылганы белгиленсин.
2. 2014-жылга Жазы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 11962,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жазы айыл өкмөтүнүн 2015-2016-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатары белгиленсин.
4. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө» Мыйзамынын 21 беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 117,0 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
5. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер ( эмгек акы, соц.фондго чегерүү, тамак аш, дары- дармек) каржылануусу белгиленет.
6. Айланма кассалык калдык айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлүүчү накталай акча каражаты 2015-жылдын 1-январына карата 100,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
7. Жазы айыл өкмөтүнүн 2013-жылы бюджеттин чыгаша бөлүгүнө белгиленип каржыланбай калган каражаттар 1035,2 миң сом жана атайын каражаттан 33,0 миң сом акча каражаттар 2014-жылдагы бюджетти аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жазы айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Б.Ж.Дыйканбаев
|