Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-июну № 13
Жазы,Кызыл-Дыйкан,Кара-Дыйкан, Жээренчи айылдарынын көчөлөрүнө ат коюуу боюнча
Калктын бирдикт мамлекеттик реестрине киргизүү жана жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултууда жана жарандардын паспорт алууда кайсыл жерде жашайт деген графаларды толтурууда жетишпестиктерди жоюуу жана айылдардын көчөлөрүн тартиптештирүү максатында Айылдык Кеңештин кезексиз сессиясында Жазы, Кызыл-Дыйкан, Кара-Дыйкан, Жээренчи айылдарынын жергиликтүү жамааттарынын жыйындарынын көчөлөргө ат коюуу боюнча келип түшкөн протоколдорду карап чыгып, талкуулап Жазы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жазы айылы боюнча:
1.Жазы айылынын мектептин үстүнкү көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу маркум Нуржанов Апынын ысмы ыйгарылсын.
2. Жазы айылынын күн чыгыш тарабындагы эски бактын ордуна түшкөн жаңы коңуштун биринчи көчөсүнө Эмгектин ардагери көп жылдар бою мурдагы “Яссы” совхозунда иштеген маркум Нурманов Төлөнбайдын ысмы ыйгарылсын.
3.Жазы айылынын күн чыгыш тарабындагы жаңы коңуштун экинчи көчөсүнө Өзгөн районундук ооруканасында хирург болуп эмгектенген биринчи жолу райондо ашказанга операция жасаган “Саламаттыкты сактоонун мыктысы” маркум Акимжанов Эшматтын ысмы ыйгарылсын.
Кызыл-Дыйкан айылы боюнча :
1.Кызыл-Дыйкан айылынын батыш тарабындагы жаңы түшкөн коңуштун биринчи көчөсүнө эмгектин ардагери маркум Тургунбаев Сатардын ысмы ыйгарылсын.
2.Кызыл-Дыйкан айылын батыш тарбындагы жаңы конуштун экинчи көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу маркум Чимынов Турдумамамттын ысмы ыйгарылсын.
3. Кызыл-Дыйкан айылынын батыш тарбындагы жаңы коңуштун үчүнчү көчөсүнө 48 жыл мугалимдик кесипте иштеген “Эл агартуунун отличниги” маркум Атаназаров Матомордун ысмы ыйгарылсын.
4.Кызыл-Дыйкан айылынын Бешбаков Дали көчөсүнүн түндүк жагындагы ат коюлбаган биринчи көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу маркум Мойдунов Нурмаматтын ысмы ыйгарылсын.
5.Кызыл-Дыйкан айылынын Бешбаков Дали көчөсүнүн түндүк жагындагы ат коюлбаган экинчи көчөгө эмгектин ардагери маркум Дыйканбаев Абдисаламдын ысмы ыйгарылсын.
Кара-Дыйкан айылы боюнча:
1.Кара-Дыйкан айылынын күн чыгыш тарбындагы У. Камбаров менен кесилишкен Касымов Бакыт жашаган көчөгө “Яссы” совхозунда 1960 жылдан 1975 жылга чейин кино механик , 1975 жылдан өмүрүнүн акырына 1987–жылга чейин ошол эле совхоздо Завгар. Болуп иштген эмгектин ардагери маркум Амиракулов Тайтокурдун ысмы ыйгарылсын.
2.Кара-Дыйкан айылынын тургуну Турганбаев Алтындын үйүнөн баштап К.Кыдыралиев көчөсү менен кесилишкнеге чейин Афган согушунун жана Баткен коогалаңынын катышуучусу Дыйканбаев Кубатбектин ысмы ыйгарылсын.
3. Кара-Дыйкан айылынын батыш тарабындагы Зергер айыл өкмөтүнөн ӨКМнин чечими менен жер көчкү кесепетинен жабыр тарткандар жайгашкан жаңы конуштун Самидин көчөсүнө параллел кеткен биринчи көчөгө жаш спортсмен Болотбеков Эдгардын ысмы,экинчи көчөгө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Саматов Жыргалдын ысмы, үчүнчү көчөсүнө Ибраимов Максаттын ысмы, К.Надырбаевдин үйүнөн Атамкул каналына чейинки көчөгө Кыргыз Эл артисти Жолболду Алыбаевдин ысмы берилсин.
4.Кара-Дыйкан айылынын тургуну З.Бердалиеванын үйүнөн батышты көздөй кеткен көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Курбанов Мойдундун ысмы ыйгарылсын.
Жээренчи айылы боюнча:
Жээренчи айылынын Тосой участкасынын түштүктү көздөй кеткен ортоёку көчөсүнө үй бүлөсү менен Зергер айыл өкмөтүндө Тосой айылында болгон жер көчкүдө каза болгон маркум Тилекеев Алишердин ысмы ыйгарылсын.
Жээренчи айылынын МТФ-1 участкасынын көчөсүнө эмгектин ардагери алдынкы дыйкан Жолдошов Абдиланын ысмы берилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин мыйзамдуулук уюштуруу укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жазы айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Б.Ж.Дыйканбаев.
|