Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-октябры № 221
Кара-Суу районунун
Нариман айыл өкмөтүнө
караштуу 2,3 га жер аянтын
Ош шаарына өткөрүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 8-октябрындагы чыгыш №332/08-6 катында белгиленген Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражатынын эсебинен курулуучу мектеп үчүн, Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнө караштуу 2,3 га жер аянтын Ош шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүү жөнүндөгү маселесин карап чыгып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнө караштуу 2,3 га жер аянтын Ош шаарына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
У.Примов |