ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышынын III-сессиясы
2014-жылдын 8-октябры № 220
Д.Арапбаеванын депутаттык ыйгарым
укуктарын мөөнөтүнөн мурун
токтотуу жөнүндө
Ош шаардык Кеёешинин «Республика» партиясынан шайланган депутаты Арапбаева Динара Абдуллажановнанын депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшыруу жөнүндөгү арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 25-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Ош шаардык Кеңешинин «Республика» партиясынан шайланган депутаты Арапбаева Динара Абдуллажановнанын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Сапаралиев) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (К.Жамалов).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
У.Примов |