ГУЛЧО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчо айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 3-заседаниясы
2013-жылдын 21-февралы № 3/1
Айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын социалдык-экономикалык планынын аткарылышы жана 2013-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү боюнча
Гулчо айылдык округунун айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 3-заседанияси Гүлчо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Б.Абдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын » 36 - беренесинин 1 - пунктун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчо айыл округунун 2012-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча аткарылган иштер боюнча Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Б.Абдиевдин отчёту эске алынсын.
2.Гүлчо айыл округунун 2013-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планы бекитилсин.
3.Гулчо айыл округунун 2013-жылга карата социалдык – экономикалык өнүгүүсүндө белгиленгендерди камсыз кылуу үчүн ата-мекендик,чет элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу жергиликтүү бюджетин киреше булагын толтуруу үчүн муниципалдык менчикти максатуу пайдалануу,айыл чарба багытындагы кайра болуштуруу фондунун жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу,кыймылсыз мүлктордун так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмотүнүн тиешелүү жооптуу кызматкерлерине жана жамааттын мучөлөрүнө милдеттендирилсин.
Гүлчө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Жапанов |