Загрузка документа…
ГУЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-февралы № 3/11
«2013-жыл Алай районунда ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт,урп-адат,ырым-жырымдарды тартипке келтируу жылына» карата откорулгон элдик жыйындагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.Н.Сарбашовдун Алай элине жасаган кайрылуусун турмушка ашыруу жөнүндө
Гулчо айылдык округунун айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 3-заседанияси Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында «Ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт,урп-адат,ырым-жырымдарды тартипке келтируу жөнүндө» Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.Н.Сарбашовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
5. 2013-жыл Алай районунда ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт,урп-адат,ырым-жырымдарды тартипке келтируу жылына» карата откорулгон элдик жыйындагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.Н.Сарбашовдун Алай элине жасаган кайрылуусу жактырылсын жана аткарылышы камсыздалсын..
6. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында «Ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт,урп-адат,ырым-жырымдарды тартипке келтируу » боюнча калкка тушундуруу иштерин жургузуу Гулчо айыл окмотунун алдында тузулгон каада-салт боюнча комиссия мучолоруно милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагында:
1. Маркумду акыркы сапарга узатууда:
-Жылкы жана бодо мал союуга тыюу салынсын.
-аза күтүп жаткан уйдо сый дасторкон салып конок күтүүгө богот коюлсун.
-соок коюу жана аза күтүү учурунда спирттик ичимдиктерди ичүүгө ,мас абалында келүүгө тыюу салынсын.
-учтук,бейшембилик,кырк деген маркумду эскерүү ырым-жырымдары маркумдун жакын туугандары менен гана өткөрүлсүн.
-тажияда дасторкондон нан алуу, пакет которуп кетүү токтотулсун.
-маркумдун жылдыгын белгилөөдө себет, чай ичирүү, союш алып келүүнү токтотууга чаралар корулсун.
-элдик каада-салт маркумдун мүрзө жайын бекитүүдө цементтеп, бышкан кыш менен тосууга жана айкелин, мраморго жана башка таштарга сурөт,чегилген эстеликтерди коюу күнөө, ысыраптуу амал катары тыюу салынгандыктан, маркумдун мүрзөсүн жыгачтан жасалган тосмолор менен бекитүү жайылтылсын.
2. Тойлорду, юбилейлерди өткөрүүдө:
1.Тойлорду жана юбилейлерди өткөрүүдө ашыкча шаан шоокотторго жол берилбесин.
2.Үйлөнүү үлпот тойлорун өткөрүүдө кудалардын бири биринин туугандарына сый кийимдерди берүүсүз, кыз-жигиттин ата-энелерине гана сый кийим берүү менен чектелсин.
3.ЗАГСка чыгууда женил автомашиналардын саны азайтылып,ашыкча шаан шоокотсуз откорулсун.
4.Кыргыз Республикасынын Президенти тарбынан кол коюлган мыйзамга ылайык кыз ала качууга тыюу салынсын.
3. Мектептерде жана мектеп окуучулары арасында ашыкча чыгымдарды кыскартууда;
1.Мектептерде алиппе майрамы,акыркы конгуроо ж.б. майрамдык салтанаттарда мугалимдерге белек бекчектерди берууго тыюу салынсын.
2. мектеп окуучулары арасында туулган кундорду ресторан кафелерде откорууго тыюу салынсын.
Гулчө айылдык кеңештин депутаттары өздөрү шайлаган округдарда айыл өкмөтүнүн жоонтуу кызматкерлери,аксакалдар,аялдар кенештери,жамааттын,уюмдардын лидерлери,айылдык молдолор менен биргеликте ыксыз чыгымдарды азайтуу,тойлордо ашыкча ысырапкерчилике жол бербөө, керексиз ырым-жырымдарды жоюу боюнча кеңештин заседаниесинде отчеттору угулсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Гүлчө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Жапанов |