Загрузка документа…
ГУЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-февралы № 3/12
Гүлчө айыл округунун муниципалдык менчигинде турган Алай районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен ишке ашыруу жөнүндө
Гүлчө айылдык округунун айылдык кеңешинин 5- чакырылышынын 3-заседаниеси Кыргыз Республикасынын үлүштүк ( дем берүүчү) гранттардын эсебинен Гүлчө айыл округунун муниципалдык менчигинде турган Алай районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жазылган долбоорду карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Гүлчө айыл округунун муниципалдык менчигинде турган Алай районунун аймактк ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салым жалпы 411,1 мин сомдун 50 % ы -205,6 мин сом акча каражатынын 185,0 мин сому демөөрчүлөрдүн эсебинен төгүлүп, 20,6 мин сом Гүлчө айыл округунун бюджетинен бөлүнүн берилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл округунун башчысы С.Абдиевге милдеттендирилсин.
Гүлчө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Жапанов |