Редакцияот 19.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 4-заседаниеси

2013-жылдын 19-апрели № 4/2

Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүнүн

№ 1,2,3,4 үйлөрүнүн жашоочуларынын жаны ажаткана куруу боюнча жардам берүү жөнүндө жазган арызы жөнүндө

Гулчө айылдык округунун айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 4 –заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы З Түгөлбаеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын» 36- беренесинин 1- пунктун жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айылынын Нарматов кочосунун № 1,2,3,4 үйлөрүнүн жашоочуларынын муктаждыктарын камсыз кылуу максатында техника ( эксковатор) жагынан жардам берүү жагы «Гульша –Суу » коомдук бирикмесинин башчысы М.Турганбаевге милдеттендирилсин.

2. Курулушка керектелүүчү материалдарды (кум -таш ) ташып келүү үчүн автоунаалар менен камсыз кылуу жагы «Гүлчө Тазалык» ишканасынын башчысы Э.Тажиковго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнун башчысынын орун басары С.Каришовго милдеттендирилсин

 

Гулчө айылдык

Кенешинин төрагасы:

Ш. Жапанов